# КР Президентинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 326 "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 326 "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6062/edition/1124438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 326 "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61996

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 8-сентябры ПЖ № 326 Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө

Азык-түлүккө баалар жогорулаган шартта калктын аз камсыз болгон катмарларына кошумча мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособиелерге 2008-жылдын 1-октябрынан тартып ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- тиешелүү ай үчүн мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир эле учурда ушул Жарлыкта каралган ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн белгилесин;

- ар айдагы компенсациялык төлөмдөрдү берүүнү камсыз кылуу үчүн каражаттарды тапсын;

- ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
