# 2008-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 86"Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: 2008-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 86"Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6054/edition/861493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 86"Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (07.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61988

---

КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 25-февралы ПЖ № 86 Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын финансылык абалын чыңдоо, региондордун экономикалык абалынын реалдуу көрсөткүчтөрүн аныктоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине, "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-статьясына ылайык токтом кылам:

1. "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн жергиликтүү ресурстарды иштетүү жана казып алуу жерлери боюнча салыктарды жана жыйымдарды төлөшү Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу чаралардын бири деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 3 айлык мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келин чыккан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, мында төмөнкүлөр каралсын:

облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте региондордун жергиликтүү ресурстарын иштеткен жана казып алган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн тизмесин иштеп чыгуу; аткаруу бийлик органдары тарабынан жогоруда келтирилген тизмеге ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн кайра каттоо;

- жогоруда аталган ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кабыл алышы менен аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
