Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ПЖ № 86»Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 7 октября 2017 года УП № 207 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-10-07.
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 25-февралы ПЖ № 86 Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын финансылык абалын чыңдоо, региондордун экономикалык абалынын реалдуу көрсөткүчтөрүн аныктоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине, "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-статьясына ылайык токтом кылам:
1. "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн жергиликтүү ресурстарды иштетүү жана казып алуу жерлери боюнча салыктарды жана жыйымдарды төлөшү Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу чаралардын бири деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 3 айлык мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келин чыккан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, мында төмөнкүлөр каралсын:
облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте региондордун жергиликтүү ресурстарын иштеткен жана казып алган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн тизмесин иштеп чыгуу; аткаруу бийлик органдары тарабынан жогоруда келтирилген тизмеге ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн кайра каттоо;
- жогоруда аталган ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кабыл алышы менен аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон