# КР Президентинин 2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 "Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 "Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 458
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6048/edition/627604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 "Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61982

---

КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 23-декабры ПЖ № 458 Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык республиканын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби жөнүндө Жобо ушул Жарлыктын № 1 тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби жөнүндө Жобо ушул Жарлыктын № 2 тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы "Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө "Жарлыгына өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
