# КР Президентинин 2008-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6045/edition/1009424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61979

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 23-июну ПЖ № 232 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө

Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешке (мындан ары - Кеңеш) кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө Кеңеш жөнүндө Жобону жана анын курамын бекитсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан башка маселелерди чечсин.

3. Кеңеш жөнүндө Жобо жана анын курамы бекитилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-июнундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Указынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-декабрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
