# КР Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6034/edition/1184193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61968

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2008-жылдын 2-сентябры ПЖ № 314 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик органдардын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын курамы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын курамы;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча орун басары, Комиссиянын катчысы;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

- Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун директору;

- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин экономикалык теория кафедрасынын башчысы;

- Бишкек шаарынын мэри;

- Ош шаарынын мэри;

- Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
