# КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5985/edition/1231805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61915

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 17-июну ПЖ № 142 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308, 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө талапкерлерди компьютердик тестирлөө алыскы райондордон тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө жүргүзүлөт. Бланктык тестирлөө өткөрүлгөн алыскы райондордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан белгиленет;

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө техникалык жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аныкталат.";

3) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
