# КР Президентинин 2014-жылдын 31-январындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 31-январындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5984/edition/769383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61914.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 31-январындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (31.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61914

---

КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 31-январы ПЖ № 21 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

Жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

- «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген 1-главада:

«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар» деген графада: III топтун биринчи абзацындагы «директору» деген сөз «төрагасы» деген сөзгө алмаштырылсын; IV топтун биринчи абзацындагы «директорунун» деген сөз «төрагасынын» деген сөзгө алмаштырылсын; «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы» деген графада: II топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы»; III топтун төртүнчү абзацындагы «төрагасы» деген сөз «төрагасынын орун басары» деген сөздөргө алмаштырылсын; IV топтун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- «Атайын мамлекеттик кызмат орундары» деген 2-главнын «Кыргыз Республикасынын сот бийлиги» деген графасында:

I топтун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; II топтун үчүнчү абзацындагы «төрагасынын орун басары» деген сөздөр «төрагасы» деген сөзгө алмаштырылсын; III топ төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын: «Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагаснын орун басары»;

- «Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары» деген 3-главанын 3.11-пунктунда «Улук кызмат орду» деген топтун «С-Б» категориясынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун жардамчысы».

2.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
