# КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5957/edition/590964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы (05.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61887

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-ноябрындагы №201 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 20-июлу ПЖ № 313 Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын сот системасында сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39-беренелерин жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчынын 2 бирдигин кошуп алганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги 92 бирдиктен белгиленсин.

2. Сот - жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчынын 16 бирдигин кошуп алганда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги 929 бирдиктен белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункттун экинчи абзацындагы "273" деген сан "275" деген сан менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директоруна бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын тийиштүү жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын штаттык санына, түзүмүнө жана чыгымдарынын сметасына ушул Жарлыкка ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-июлундагы № 230 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 7-пункту.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
