КР Президентинин ПЖ № 497 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы „Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Указ Президента КР от 25 января 2012 года № 16" О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-ноябры ПЖ № 497 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы "Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын оптималдаштыруу жана соттук иштерди жана материалдарды кароодо судьялардын жүгүн тең бөлүштүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүнө жана судьяларынын штаттык санына төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Райондор аралык соттор" бөлүмүндө:
"Баткен облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Баткен облусунун райондор аралык соту - 2 судья: Төрага 1 Судья 1"; "Нарын облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Нарын облусунун райондор аралык соту - 2 судья: Төрага 1 Судья 1"; "Талас облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Талас облусунун райондор аралык соту - 2 судья: Төрага 1 Судья 1".
2. Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш бир айлык мөөнөттө жергиликтүү соттордун судьяларынын жаңыдан киргизилген кызмат орундарына конкурстук тандап алууларды өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган соттордун штаттык санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу сот системасын кошумча финансылоо маселесин чечсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.05.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.05.2007 · № 216 · Күчүн жоготкон