# КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин үчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин үчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2011
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5954/edition/492884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин үчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 17-августу ПЖ № 199 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 29-июлундагы № 215 "Эмгек акынын, пенсиялардын, пособиялардын жана стипендиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы № 102 "Билим" Улуттук билим берүү программасынын негизги багыттары жөнүндө" Жарлыгынын 2-4-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 15-мартындагы № 60 "Энергия булактарына тарифтердин жогорулашынын шартында калкты социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 138 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы № 80 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 12-октябрындагы № 349 "Билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы № 21 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 132 "Жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 133 "Мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340 "Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 341 "Республиканын билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 342 "Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 637 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 638 "Билим берүү кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Маданият кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 641 "Социалдык жактан коргоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 539 "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 541 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 542 "Социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
