# КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5928/edition/491803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61857

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 25-апрели ПЖ № 95 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоо алкагында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
