# КР Президентинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ № 400 "М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ № 400 "М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 400
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5892/edition/499640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ № 400 "М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө" Жарлыгы (12.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61821

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2008-жылдын 12-ноябры ПЖ № 400

М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү сотторунун судьяларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр кызматынан четтетилсин:

- Кубатбеков Маратбек Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын кызматынан;

- Момбеков Болот Канаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
