# КР Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5860/edition/1069535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61788

---

КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 18-декабры ПЖ № 232 Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишти андан ары системалаштыруу максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүү функциялары бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу бөлүмдөрдү зарыл болгон финансылык-чарбалык маселелерди чечүү менен түзүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин статусу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо маселелеринде мамлекеттик органдар менен этностук маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдын статусу берилсин.".

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
