Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 232 «Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 13 ноября 2020 года УП № 38 "О повышении роли и статуса совета Ассамблеи народа Кыргызстана"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-13.
КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 18-декабры ПЖ № 232 Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишти андан ары системалаштыруу максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүү функциялары бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу бөлүмдөрдү зарыл болгон финансылык-чарбалык маселелерди чечүү менен түзүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин статусу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо маселелеринде мамлекеттик органдар менен этностук маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдын статусу берилсин.".
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 13.11.2020 · № 38
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 14-декабрындагы № 543-б "2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий…Распоряжение · 14.12.2016 · № 543-р
- Указ Президента КР от 14 января 1997 года УП №13 "О статусе совета Ассамблеи народа Кыргызстана"Указ · 14.01.1997 · № 13
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 18-январындагы № 4 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.01.2014 · № 4