Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2013-жылдын 26 декабрындагы ПУ № 233 «Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК
2013-жылдын 26 декабры ПУ № 233 Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралуу Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карап чыгып, жасалган кылмыштардын оордугун жана өнөкөттүгүн, мурда соттолгондугун, терс жүрүш-турушун жана башка жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын сунуштарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын экинчи бөлүгүнүн негизинде ТОКТОМ КЫЛАМ: Төмөнкүлөрдүн ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылсын: 2011 -жылы 14-январда Ысык-Кел райондук сотунун өкүмү менен 19 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1973-жылы туулган Алышпаев Зарылбек Эсенбаевичтин; 2010-жылы 16-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен 16 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1981 -жылы туулган Абакиров Мирболот Мэлисовичтин; 2005-жылы 11 -ноябрда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1977-жылы туулган Айталиев Нургазы Токтосуновичтин; 2001-жылы 11-апрелде Ноокат райондук сотунун өкүмү менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1973-жылы туулган Жолдошев Адылжан Максытовичтин; 2008-жылы 7-августта Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен 12 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1979-жылы туулган Ногойбаев Максат Жакыповичтин; 2009-жылы 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 20 жыл 2 айга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1964-жылы туулган Оморов Замир Токтобековичтин; 2006-жылы 15-сентябрда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1978-жылы туулган Султанов Дильмурат Абдумаликовичтин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон