# КР Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 480 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 480 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 480
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5853/edition/484487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 480 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы (29.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61780

---

(КР Президентинин 2013-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 153 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 30-октябры ПЖ № 480 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
