# КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 138 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 138 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61769>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5844/edition/1087368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61769.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 138 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (27.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61769

---

КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 7-июну ПЖ № 138 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Баатыр эне" орденинин Сүрөттөлүшүндө:

- биринчи абзацта "күмүштөн" деген сөз "күмүштөн жана мельхиордон" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Эне даңкы" медалынын Сүрөттөлүшүндө:

- биринчи абзацта "күмүш калыптан" деген сөздөр "мельхиор калыптан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 11-июнунда № 49 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
