# КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5837/edition/1079782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (23.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61762

---

КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 15-марты ПЖ № 78

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине ылайык, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын тиркелген түзүмү жана штаттык саны бекитилсин.

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" тиркелген Жобо бекитилсин";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобонун 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын.

"10. Мамлекеттик комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындап жана бошото турган директор башчылык кылат. Мамлекеттик комиссиянын директорунун эки орун басары болот, алар директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин чегинде жүзөгө ашырат. Муну менен бирге орун басарлардын бири өз ишин түздөн-түз Ош шаарында жүргүзөт.";

- 11-пункттун жетинчи абзацындагы "өзүнүн орун басарын" деген сөздөр "өз орун басарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 78 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТҮЗҮМҮ

┌──────────┐ ┌──────────────┤ Директор ├────────────────┐

| └─────┬────┘ |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| ┌──┤Директордун орун басары └───────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ ├──┤ каттоо жана ажылыкты └───────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ └──┤ кадрдык иштер жана финансы бөлүмү (5 киши) | изилдөө бөлүмү Дин таануучулук экспертиза, эсептик └───────────────────────┘ уюштурууга көмөк көрсөтүү бөлүмү (6 киши) Укуктук камсыз кылуу, | Илимий- └────────┘ └─┤ (6 киши) | ┌─┤ Директордун орун басары └────────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ (5 киши) |  |  | Түштүк региондук бөлүм |

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 78 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ШТАТТЫК САНЫ

| № | Бөлүмдөрдүн жана кызмат орундарынын аталыштары | Саны |
| --- | --- | --- |
| 1. Жетекчилик | 3 |  |
|  | Директор | 1 |
|  | Директордун орун басары | 2 |
| 2. Түштүк региондук бөлүм | 6 |  |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Башкы адис | 2 |
|  | Жетектөөчү адис | 2 |
|  | Адис | 1 |
| 3. Дин таануучулук экспертиза, эсептик каттоо жана ажылыкты уюштурууга көмөк көрсөтүү бөлүмү | 6 |  |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Башкы адис | 2 |
|  | Жетектөөчү адис | 2 |
|  | Адис | 1 |
| 4. Укуктук камсыз кылуу, кадрдык иштер жана финансы бөлүмү | 5 |  |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Башкы адис | 1 |
|  | Башкы бухгалтер | 1 |
|  | Жетектөөчү адис | 1 |
|  | Адис | 1 |
| 5. Илимий-талдоо бөлүмү | 5 |  |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Башкы адис | 1 |
|  | Жетектөөчү адис | 2 |
|  | Адис | 1 |
| Бардыгы: | 25 |  |
