# КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5836/edition/488873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" Жарлыгы (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61760

---

КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 23-марты ПЖ № 71 Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүмү.

2. (Экинчи абзац 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 Жарлыгына алайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТҮЗҮМҮ

| Башкы бухгалтер ├───────┤ Директор ├───────┤ Басма сөз-катчы |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Директордун ├───┬───┤ Директордун 1-орун басары └─────────────────┘ ┌─────────────────────┐ Теологиялык ├────────────┼────────────────┤Түштүк региондук экспертиза жана эсептик каттоо бөлүмү └─────────────────────┘ ┌─────────────────────┐ Укуктук жактан камсыз кылуу жана кадрдык ├────────────┴────────────┤ эл аралык кызмат бөлүмү | └─────────────────┘ ┌─────────────────┐ ┌─────────────────────┐ | └─────────────────┘ Талдоо, диний уюмдар кызматташтык бөлүмү | орун басары бөлүм менен байланышуу жана |
