# КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5833/edition/487237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (19.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61756

---

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2013-жылдын 19-августу ПЖ № 178 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктта:

- биринчи абзацтагы "тиркелгендер" деген сөз "тиркелген" деген сөзгө алмаштырылсын;

- үчүнчү-төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

2) 5-пункттагы "уюштуруу документтерине кол коюуга" деген сөздөр "уюштуруучусунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 19-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун бешинчи-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
