# КР Президентинин 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5829/edition/485014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө" Жарлыгы (11.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61752

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2013-жылдын 11-февралы ПЖ № 25

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Балагазы кызы Аиданын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын 13-февралынан тартып улантылсын.

2. Төмөнкүлөрдүн кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын 28-февралынан тартып улантылсын:

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - Архарова Кымбат Кадыровнанын;

- Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы - Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
