# КР 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 24 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 24 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5828/edition/485012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 24 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгы (11.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61751

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2013-жылдын 11-февралы ПЖ № 24

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Балагазы кызы Аиданын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 13-февралынан баштап анын ээлеген кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 28-февралынан тартып алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээлегенге чейин узартылсын:

Архарова Кымбат Кадыровнанын; Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
