# Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики"

- Толук аталышы: Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5799/edition/495478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики" (30.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61716

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №198 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 9-июну ПЖ №119 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө (КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ№139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын башкарууну өркүндөтүү жана улуттук кадр потенциалын натыйжалуу калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тиркелген Жобосу жана анын түзүмү бекитилсин.

(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин 4-главасында:

"Улук кызмат орду" тобу төмөнкү редакцияда баяндалсын: "

Улук кызмат орду

У1

Башкы адис

Сектор башчы

У2

Жетектөөчү адис

Башкы адис

У3

Жетектөөчү адис

"; төмөнкү мазмундагы "Кенже кызмат орду" деген топ менен толукталсын:

Кенже кызмат орду

К1

Адис Референ

Адис

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана - анын аймактык органдарынын ишине байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматын күтүүгө каралган каражаттардын чегинде чечсин;

- мурда кабыл алынган чечимдерди ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгынын 1 жана 2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы №73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы №148 "2009-жылдын 13-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы №222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пункту.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын

ТҮЗҮМҮ

(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

| Директор └────────────┘ | ┌──────────────────────┐ Кеңешчи, жардамчы |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Статс-катчы |  | Директордун орун басары |  | Директордун орун басары |
| Мамлекеттик жана муниципалдык өнүктүрүү бөлүмү |  | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу бөлүмү |  | Отдел (центр) тестирлөө бөлүмү (борбору) |
| Ченемдик-укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү |  | Мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмү |  | Персоналды башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү |
| АРБМС системасы сектору |  | Муниципалдык кызмат өтөө бөлүмү |  | Финансылык жана администрациялык жактан камсыз кылуу бөлүмү |
| Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо |  | Кирешелерди декларациялоо бөлүмү |  | Басма-сөз кызматы |
| Борбордук аймактык өкүлчүлүк (Чуй, Талас облустары жана Бишкек шаары боюнча) |  | Түштүк аймактык өкүлчүлүк (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) |  | Түндүк аймактык өкүлчүлүк (Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча) |
