Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Презиндентинин ПЖ № 209 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнудагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнундө» Жярлыгына өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизуу тууралуу « Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 8 сентября 2023 года УП № 228 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 24-октябры ПЖ № 209 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) зарылдыгына жараша өзүнүн ишмердиги жөнүндө маалыматты даярдоого, Президенттин сайтында жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.";
- 7-пункттагы "1 жылдык" деген сөз жана цифра "эки жылдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункт ", алардын Коомдук эксперттик кеңештин курамында мүчө экендигин ырастаган күбөлүгү болот" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун 2-3-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
- 13-пункттагы "бекитет" деген сөз "аныктайт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Коомдук эксперттик кеңештин ишине жалпы жетекчиликти координатор жүргүзөт, ал мүчөлөрдүн арасынан, ачык добуш берүү менен катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат. Ошол эле учурда биринчи жыйналыштын координатору болуп Коомдук эксперттик кеңештин курагы боюнча улуусу шайланат.";
- 15-пунктта:
биринчи абзацтагы "жыйналышынын" деген сөз алып салынсын; 1-пунктчадагы "тийиштүү мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Коомдук эксперттик кеңештин Президент катышкан жыйналышы зарылдыгына жараша жана жылына бир жолу өткөрүлөт. Жыл ичинде ушул Жобого ылайык, анын ичинде зарыл болгон учурда Коомдук эксперттик кеңеш тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордо эксперттик жана талдоочулук даярдык көрүү иштери жүргүзүлөт.". (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын…Положение · 04.06.2012 · № 115
- Этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 04.06.2012 · № 115
- КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү…Указ · 30.06.2016 · № 155
- КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.09.2023 · № 228
- КР Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.06.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү…Указ · 30.06.2016 · № 155
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.09.2023 · № 228
- КР Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.06.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон