# КР Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61682>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5771/edition/969088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61682.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" жарлыгы (11.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61682

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 31-декабры ПЖ № 404 Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 82, 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 141, 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54, 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО) иштерине Кыргыз Республикасынын натыйжалуу катышуусун жогорулатуу, ЮНЕСКОнун мамлекет үчүн артыкчылыктуу долбоорлоруна, программаларына жана иш-чараларына тартуу, ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ЮНЕСКОнун компетенциясына кирген жааттарда иштеген ар кандай жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен ишин координациялоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы;

- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө жобо.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 6-апрелиндеги № 107 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 Жарлыгы;

- "ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 Жарлыгынын 4, 5, 6, 7, 8-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгынын 5-пунктунун 7-абзацы;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгынын 7-пунктунун б) пунктчасынын 7-абзацы;

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгы менен бекитилген № 2 тиркемесинин 10-главасынын төмөнкүдөй мазмундагы абзацы:

"

Б1

Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын аткаруучу катчысы

";

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 Жарлыгы менен бекитилген № 13 тиркемесинин төмөнкүдөй мазмундагы пункту:

"

Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын катчылыгы

5

";

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 404 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын КУРАМЫ (КР Президентинин 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук комиссиянын төрагасы;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары;

комиссиянын мүчөлөрү:

Жаманкулов Азамат Капарович

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Ташпаева Назгуль Аскеровна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы;

Ниязалиев Нуран Садырович

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Солтонгельдиева Сабира Самидиновна

\-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы;

Бакашева Жылдыз Кемеловна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору (макулдашуу боюнча);

Молдокасымов Кыяс Сатарович

\-

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун Башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Мусина Дарья Сапарбековна

\-

Республикалык "Балажан" окуу-усулдук эстетикалык тарбия берүү борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Айтпаева Гульнара Амановна

\-

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө конвенциясынын алдында аккредитацияланган "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Сирмбард Светлана Рустамовна

\-

Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);

Чочунбаева Динара Илимбековна

\-

Кол өнөрчүлөрдү колдоонун Борбордук Азия ассоциациясы ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча).
