# КР Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5763/edition/1277146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" жарлыгы (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61673

---

КР Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 15-июлу ПЖ N 165 Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө (КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы чечимине ылайык токтом кылам:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Аскердик доктринаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
