# КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5744/edition/448575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 14-июну ПЖ № 140 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 18-январындагы № 22 "Бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүшүнүн жана колдонушунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 1-апрелиндеги № 71 "Ээлик кылуу ишкердигин коргоо жана контролдоочу органдардын ишин тартипке салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы № 289 "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 9-октябрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө" Указы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Указынын 2-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
