# КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5743/edition/447959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61649.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы (07.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61649

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 7-июну ПЖ № 139 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы № 232 "Калктын кирешесин декларациялоого өтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы № 347 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү Фондун финансылык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө" Указынын 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги № 87 "Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясы жөнүндө" Указы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
