# КР Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 128 "Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө " жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 128 "Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө " жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5735/edition/861000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 128 "Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө " жарлыгы (16.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61631

---

КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ N 121 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 3-июну ПЖ № 128 Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер келечекте мамлекеттик структуралар менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн таасирдүү модели болуп калууга тийиш. Кыргызстан үчүн бул принципиалдуу жаңы институттун торолушунун уюштуруучулук этабы аяктады, коомдук байкоочу кеңештердин ишинин алгачкы дурус натыйжалары алынды. Кыргызстандыктар өздөрүнүн жигердүү жарандык позициясы жана кесиптик тажрыйбалары менен мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде ачыктык жана маалымдуулук принциптеринин сакталышына салым кошо турган аянтча түзүлдү. Коомдук байкоочу кеңештердин торолушунун жаңы этабында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана түздөн-түз мамлекеттик aткapуу бийлик органдары менен кыйла тыгыз жана макулдашылган иш талап кылынат. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын, ошондой эле ушуга байланыштуу алдыда боло турган мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерин калыптандыруунун жана ишинин тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралышын эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктары 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы, 1-пункттагы, 8-пункттун алтынчы абзацындагы ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын", "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу", "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;

- 10-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
