Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 127 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2013-жылдын 3-июну ПЖ № 127 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө Жарандардын коопсуздугунун таламында жана кырдаалды тез арада турукташтыруу, коомдук тартипти калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген болучу. Ушул Жарлыкты кабыл алуунун жана жүзөгө ашыруунун аркасында жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтун, турмуштук мааниси бар инфраструктура объекттеринин жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимкидей иштеши үчүн коркунучтун деңгээли кыйла төмөндөдү, ал эми социалдык-экономикалык кырдаал турукташты. Өзгөчө абал колдонулган аймакта болгон маселелерди өзгөчө абал режимин колдонбостон чечүү үчүн шарттар түзүлдү. Ошондуктан "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинде каралган негиздердин токтотулгандыгына байланыштуу, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиевдин жана Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин катчысы Б.Б.Табалдиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы № 123 Жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына киргизилген өзгөчө абалды жокко чыгаруу боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагындагы өзгөчө абал 2013-жылдын 3-июнунда саат 12.00 баштап жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиев жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка кабарлоо каражаттарын колдонуу менен өзгөчө абалдын алып салынгандыгы жөнүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун калкын кабардар кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылган объекттердин ишин андан ары турукташтыруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын.
6. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө"Указ · 31.05.2013 · № 123 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө"Указ · 31.05.2013 · № 123 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон