# КР Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 96 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 96 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: УП №96
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5716/edition/424037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 96 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы (30.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 30-апрели ПЖ № 96 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Баткен облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2013-жылдын 30-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:

- Аданбаев Зарипбек Максутович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Алибаев Бактыяр Маликович;

- Жороев Султангазы Золотунович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович;

- Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
