# КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5675/edition/386702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (19.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61564

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 19-марты ПЖ №53 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы №23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги №85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
