# КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №52 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №52 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5674/edition/386619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №52 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (19.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61563

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 19-марты ПЖ №52 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы №26 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 13-августундагы №209 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги №114 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
