# КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №41 "Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №41 "Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5665/edition/386454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №41 "Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" жарлыгы (05.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61553

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 5-марты ПЖ №41 Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүлөр 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Султаналиев Муслим Ишекеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Шерматов Мырзамат Ташиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.

(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
