Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №41 «Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 5-марты ПЖ №41 Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүлөр 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Султаналиев Муслим Ишекеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Шерматов Мырзамат Ташиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.