# КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №40 "Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №40 "Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5664/edition/386448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы ПЖ №40 "Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" жарлыгы (05.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61552

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 5-марты ПЖ №40 Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмсүздүгүнөн улам Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Аданбаев Максут Аданбаевич мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн бошотулсун.

(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
