# КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5649/edition/1231796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61532

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2013-жылдын 24-январы ПЖ №17 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ N 198, 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ.

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 28-февралындагы № 77 "Кадр саясатын жана мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун мониторинг системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматына "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө белгиленген формада жана мөөнөттө өз убагында отчет берип турсун";

- 7-пункттагы "Администрация" деген сөз "Аппарат" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 198 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
