# КР Президентини н 2012 - жылдын 8 - ноябрындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентини н 2012 - жылдын 8 - ноябрындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 245
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5626/edition/442675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентини н 2012 - жылдын 8 - ноябрындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жарлыгы (08.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 8-ноябры ПЖ № 245 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 12-ноябрынан баштап алардын ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Балкыбекова Дамира Абдыкадыровнанын;

- Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьясы - Ташкараева Анарбүбү Конгайтиевнанын;

- Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы - Эшалиев Нурманбет Касымбековичтин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
