Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2012 -жылдын 31-октябрындагы № 240 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 31-октябры ПЖ № 240 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын төмөнкү кызмат орундарындагы ыйгарым укуктары 2012-жылдын 31-октябрынан баштап алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
- Абдыкалыков Мамасадыктын - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;
- Адамкулов Чынгыз Толоковичтин - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;;
- Айжигитов Бостонбай Абдрашитовичтин - Баткен облустук сотунун судьясы;
- Барыктабасова Эльмира Бектургановнанын - Талас облустук сотунун судьясы;
- Джумагулов Азамат Кадырбековичтин - Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы;
- Жумаев Жыргалбек Канаватовичтин - Ош облустук сотунун судьясы;
- Карагулова Бермет Бейшеновнанын - Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы;
- Каримжанов Исмаил Гапаровичтин - Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы;
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын - Ош облустук сотунун судьясы;
- Маматалиева Айнура Сайбидиновнанын - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;
- Назаров Дамирбек Дуйшоевичтин - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3173-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы…Постановление · 26.06.2019 · № 3173-VI
- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралууЗакон · 25.01.2012 · № 4 · Күчүн жоготкон