# КР Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 "2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 "2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5620/edition/376394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 "2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы (27.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61497

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 27-декабры ПЖ № 273 2013-жылдын Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин бириктирүү, коомдо эмгек адамынын кадыр-баркын жана өлкөнүн азыркы турмушунда анын жаратман ролун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2013-жыл Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
