# КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5590/edition/1107953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" жарлыгы (16.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61465

---

КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 18-октябры ПЖ № 226 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу

Мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды андан ары күчөтүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүмдөрүн натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64- жана 65-беренелерин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 163 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан орду болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын кайра жайгаштыруу боюнча уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин жайгашкан ордун белгилөө тууралу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
