Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 9-октябры № 219 Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралу Соттолгондордуи ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карап чыгып, жасалган кылмыштардын оордугун, кайталанышын, мурда соттолгондугун, жазасынын анча көп эмес мөөнөтүн өтөгөндүгүн, терс жүрүш-турушун жана башка жагдайларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 15-беренесинин экинчи бөлүгүнүн негизинде ТОКТОМ КЫЛАМ: Төмөнкүлөрдүн ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылсын: 2004-жылы 17-ноябрда Сокулук райондук сотунун екүмү менен 14 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1977-жылы туулган Абдибаитов Данияр Курсанбековичтин; 2010-жылы 4-августта Ноокен райондук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1969-жылы туулган Адишев Бактыбек Суюнбаевичтин; 2011-жылы 4-майда Ак-Суу райондук сотунун өкүмү менен 8 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1970-жылы туулган Арыкбаев Эшимбек Темирбековичтин; 2007-жылы 7-августта Аламүдүн райондук сотунун 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1983-жылы туулган Асанбаев Акжолтой Бакайевичтин; 2008-жылы 13-августта Ысык-Ата райондук сотунун өкүмү менен 8 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1931-жылы туулган Журавская Юлия Рудольфовнанын; 2010-жылы 9-декабрда Ат-Башы райондук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1979-жылы туулган Кадырова Асыл Темирбековнанын; 2009-жылы 15-апрелде Таш-Көмүр райондук сотунун өкүмү менен 9 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1971-жылы туулган Камилов Олим Расулжановичтин; 2009-жылы 16-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүмү менен 12 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1966-жылы туулган Коновалов Виктор Юрьевичтин; 2002-жылы 13-февралда Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1979-жылы туулган Мамыров Абдымамет Хашимбаевичтин; 2010-жылы 3-сентябрда Өзгөн райондук сотунун өкүмү менен 7 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1988-жылы туулган Монтоев Бакытбек Маметовичтин; 2008-жылы 7-августта Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен 12 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1979-жылы туулган Ногойбаев Максат Жакыповичтин; 2010-жылы 23-ноябрда Нарын шаардык сотунун өкүмү менен 6 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1971-жылы туулган Өмүралиева Гүльнура Кемеловнанын; 2009-жылы 13-октябрда Өзгөн райондук сотунун өкүмү менен 15 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1965-жылы туулган Салиева Тургунай Хамитовнанын; 2009-жылы 27-августта Ош шаардык сотунун өкүмү менен 13 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1988-жылы туулган Сидиков Музаффар Муробитовичтин; 2008-жылы 23-декабрда Ысык-Ата райондук сотунун өкүмү менен 14 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1964-жылы туулган Турдиев Аркен Мухамедовичтин; 2007-жылы 15-мартта Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 16 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1979-жылы туулган Усубакунов Руслан Маратовичтин; 2009-жылы 1-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен 13 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1947-жылы туулган Хан Петр Гавриловичтин; 2010-жылы 18-ноябрда Ысык-Ата райондук сотунун өкүмү менен 25 жылга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1986-жылы туулган Чаев Разис Болотовичтин; 2010-жылы 10-февралда Сокулук райондук сотунун өкүмү менен 10 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратуу менен соттолгон, 1972-жылы туулган Эргешов Икрамжан Хурбаевичтин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон