# КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5570/edition/1191862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61445

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 26-сентябры ПЖ № 206 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө (КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188, 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 57, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130, 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы № 135 "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык токтом кылам: (КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын тиркелген уставы жана башкаруу түзүмү бекитилсин.

(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:

- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик, уюмдарды кайра каттоону жүргүзсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 28-сентябрында N 85 жарыяланды

Президент

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ (КР Президентинин 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
