# КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5568/edition/364515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61443

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 24-сентябры ПЖ №204 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жекшембиге, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана шаарлардын мэрлери тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин калыпка салууга, тактоого жана түзүүгө жана шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
