# КР Президентинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ №202 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ №202 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5566/edition/392325/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ №202 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө"жарлыгы (21.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61441

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 21-сентябры ПЖ №202 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун жыйырманчы абзацындагы "Алай" деген сөз "Кара-Суу" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык 2012-жылдын 27-июнунан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
