# КР Президентинин 2012-жылдын 24-августундагы ПЖ №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 24-августундагы ПЖ №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5519/edition/364485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 24-августундагы ПЖ №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыгы (24.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61394

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 24-августу ПЖ №153 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2011-жылдын 16-жана 20-декабрындагы макулдашуулардын негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциялардын "Биримдик" парламенттик көпчүлүк коалициясынын статусун жоготкондугу жөнүндө расмий билдирүүгө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, 87-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2011-жылдын 16-жана 20-декабрындагы макулдашууларына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2. Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин тиешелүү түрдө мурда ээлеген кызматтарына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткарууну улантсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
