# КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5503/edition/364829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61377

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында жарандык мыйзамдардын жоболоруна жана бюджеттик укуктун негизги принциптерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "социалдык жөлөкпулдардан жана стипендиялардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы; жергиликтүү бюджеттен финансыланган бюджеттик мекемелер; бюджеттик мекемелердин эмгек акы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторуна чегерүүлөр, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана категориялык гранттар сыяктуу чыгымдарынын статьяларынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин 2013-жылдан баштап республикалык каражаттардын эсебинен өзүнчө сап менен финансылоону кароо сунуш кылынсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
