# КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5491/edition/1115788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгы (20.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61358

---

КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 9-июну ПЖ №120 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 1-июнундагы чечимине ылайык, коркунучтардын алдын алуу, бөгөт коюу, жоюу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тиркелген Концепциясы бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор 2012-жылдын 1-сентябрына чейин, облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2012-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясынын негизинде:

- коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык жана региондук программаларын иштеп чыксын;

- тиешелүү чөйрөлөрдө коопсуздуктун индикаторлорунун чектик маанилерин аныкташсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 13-июлундагы №221 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 15-июнунда №53 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
