# КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5463/edition/488954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61326

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 12-апрели ПЖ №85 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүн оптималдаштыруу жана ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитеттери" бөлүкчөсүндө: III топтун биринчи абзацы ", Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Антикоррупциялык кызматтын директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундарынын аталыштарынын Реестринде:

## 3-главадагы "Башкы кызмат орду" тобунун Б 1 категориясы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

"Антикоррупциялык кызматтын директорунун орун басары - башкарманын зардалы".

2. (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)күчүн жоготту

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
